Ссылки доступа

Казакстанда камактагы активистке дагы эки айып тагылды


Казакстанда каттоодон өтпөгөн "Демократиялык партиянын" лидери Жанболат Мамайга жаңы эки айып тагылды. Бул тууралуу анын жубайы Инга Иманбай Facebook баракчасына жазды.

Ал күйөөсү Алматыдагы тергөө абагында жазган каттын сүрөтүн жарыялады. Анда активист Январь окуялары маалында "жапырт башаламандык уюштурууга" жана "жалган маалымат таратууга" айыпталып жатканын жазган. Мамайдын айтымында, бийлик "жапырт башаламандык уюштуруу" деп 4-январда "Алматы арена" комплексинин жанындагы миңдеген киши чогулган митингди, анын катышуучуларынын полиция кызматкерлери менен кагылышуусун эсептөөдө.

"Ал жакта мен саясий реформаларды жасоого жана Республика аянтына барууга чакырык жасаган экенмин. Биринчиден, менин "Алматы аренанын" алдында сүйлөгөнүм толугу менен тартылган видео бар. Ал жакта мен эч кимди эч жакка барууга чакырбаганымды угууга болот. Тескерисинче, чогулгандарды эч жакка барбоого, эч нерсени талкалабоого жана полиция менен кагылышууларга барбоого чакыргам. Бул видео соцтармактарга жарыяланган. Экинчиден, сүйлөп бүткөндөн бир нече мүнөт өткөндөн кийин полиция башка митинг катышуучулары менен бирге мени да кармап кеткен. Мен кармалгандыктан эч кимди аянтка баштап бара алмак эмесмин", – деп жазылган Мамайдын катында.

Катка ылайык, тергөө "жалган маалымат таратуу" деп Мамайдын 4-январда "Жаңы-Өзөндүн аянтында 10 миң киши чогулуп турат" деп айтканын эсептөөдө.

"Бул ЖМКларга жарыяланган ачык маалымат болчу. Же прокуратура ал жерде болгону 9999 адам болгон деп менин айткандарымды четке какканы турабы? Логика кайда? Эгер мындай болсо анда президент Токаевге да айып тагуу керек. Январь окуялары маалында ал Алматыга 20 миң террорчу кол салды деп айткан. Ал террорчулар кана? 5-июнда Токаев эч кандай 20 миң террорчу болбогонун айтты. Эми прокуратура бул факты боюнча да кылмыш ишин козгошу керекпи?", – деп суроо салган Мамай.

Токаев 5-июнда 20 миң террорчу тууралуу маалыматты укук коргоо органдарынын мурдагы башчылары бергенин, анда кеп бүтүндөй өлкөнүн аймагы тууралуу болгонун айткан.

Мамай өз катында бул жаңы айыптарды оппозиция өкүлүн куугунтуктоо деп эсептей турганын да кошумчалаган.

33 жаштагы Жанболат Мамай 25-февралдан бери камакта отурат. Алгач ал Январь окуяларында курман болгондорду эскерүү митингинде "тынч жыйындарды өткөрүү эрежелерин бузган" деген айып менен 15 суткага административдик камакка алынган. Андан соң "бийлик өкүлүн кемсинтүүгө" жана "жалган маалымат таратууга" шектелип тергөө абагына камалган.

6-майда Алматы соту Мамайдын камактагы мөөнөтүн 12-июнга чейин узарткан.

Буга чейин бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары казак бийлигин активистти эркиндикке чыгарууга чакырышкан. Апрелде Amnesty International уюму Мамайды колдогон өнөктүк баштап, жарандарды активистти бошотуу боюнча чараларды көрүү өтүнүчү менен Токаевге кат жазууга чакырган. Ошол эле айда казакстандык укук коргоочулар Мамайды саясий туткундардын тизмесине кошкон.

XS
SM
MD
LG