Ссылки доступа

Тажикстанда аутизм менен жабыркаган балдарга жардам берген уюм эл аралык сыйлыкка ээ болду (видео)


Лола Насриддинова
Лола Насриддинова

Тажикстанда көптөгөн жылдардан бери аутизм менен жабыркаган балдарга жардам берип келген "Ирода" коомдук уюму Жульетта Гимон атындагы Балдар үчүн глобалдык фонддун Juliette Gimon Courage Awards 2022 сыйлыгын алды.

"Бул сыйлык балдарды жана жаштарды билим берүүдөн четтеткен системаларга каршы иштөөдөгү эрдик, лидерлик үчүн ыйгарылат. Глобалдык фондго жарым жылдай мурун билдирме жөнөткөнбүз. Сыйлык алабыз деп ойлогон эмеспиз. Биз фонддун сыйлыгына ээ болгон үч лауреаттын бири болдук. Биз үчүн бул чоң сыймык", – деди "Ирода" уюмунун директору Лола Насриддинова.

"Ирода" коомдук уюмун Лола Насриддинова менен күйөөсү беш жаштагы баласына аутизм спектринин бузулуусу деген диагноз коюлгандан кийин негиздешкен. Ал кезде Тажикстандагы медицина кызматкерлеринде бул оору тууралуу маалымат аз болуп, аутизм менен жабыркаган балдар мектептерге кабыл алынчу эмес.

Бүгүнкү күнгө чейин "Ирода" уюму аутизм спектринин бузулуусу деген диагноз коюлган 1400гө жакын балага жардам берип, аларды өз алдынча жашоого үйрөтүүгө аракет кылып келет.

Айрым ата-энелер менен чет өлкөлүк уюмдардан каражат алган "Ирода" Juliette Gimon Courage Awards 2022 сыйлыгы үчүн бериле турган 20 миң долларды аутизм менен жабыркаган балдардын билим берүү чөйрөсүн жакшыртууга жумшоону пландап жатат. Сыйлык тапшыруу аземи 16-июнда Вашингтондо өтөт.

"Ирода" получила премию Juliette Gimon Courage Awards 2022
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:24 0:00
XS
SM
MD
LG