Ссылки доступа

Өзбекстанда жыл башынан бери экстремисттик топтордун 250 мүчөсү аныкталды


Өзбекстанда жыл башынан бери "Катиба таухид валь-жихад" жана "Ислам мамлекети" террордук уюмдарына байланышы бар төрт топтун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, мындан тышкары жыл башынан бери террордук топторго байланышы бар ондон ашык "виртуалдык" топтор менен экстремисттик түзүмдөрдүн 250 мүчөсү аныкталып, ишмердүүлүктөрү токтотулду.

"Алар экстремисттик жана террористтик уюмдардын идеологиясын пропагандалоо, Өзбекстанда диверсиялык аракеттерге чакыруу, адамдарды согушкерлердин лагерлерине жалдап баруу жана терроризмди каржылоо менен алектенишкен", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, аныкталган мындай топтордун айрымдары өлкөдөгү коомдук жайларда диверсиялык акцияларды жасоону көздөшкөн. Аларды колго түшүрүү маалында камуфляж жабдуулары, ошондой эле колго жасалган жардыргыч түзүлүштүн айрым бөлүктөрү табылган.

Видео

Видео

Турист тартуу максатын көздөгөн шырдак фестивалы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00
XS
SM
MD
LG