Ссылки доступа

Берлинде автоунаа топтошкон адамдарды сүзгөндө бир мугалим каза болуп, 14 окуучу жараат алды


Берлин шаарында автоунаа топтошкон адамдарды сүзгөндө бир мугалим каза болуп, 14 окуучу жараат алган. Бул тууралуу "Би-Би-Си" кабарлады.

Окуя 8-июнда шаардын батыш бөлүгүндө жайгашкан Шарлоттенбург районундагы Ранкештрассе көчөсүндө болгон. Күбөлөрдүн айтымында, күмүш түстүү Renault Clio автоунаасы тротуардагы адамдарды сүзүп, андан соң жол жээгиндеги дүкөндүн айнек текчелерине урунган.

Окуучулар Берлинге Гессен аймагынан экскурсияга барышкан. Түрдүү маалыматтар боюнча жарадар болгондордун саны 30 кишиге жетиши мүмкүн. Алардын айрымдары оор жарааттарды алышкан.

Полиция көчөдөгү адамдарды сүзүп кеткен автоунааны Берлиндин 29 жаштагы тургуну башкарып баратканын билдирди. Маалыматка караганда, ал Германиянын жана Армениянын жарандыгына ээ. Айдоочу кармалып, учурда окуянын себептери териштирилүүдө.

Берлиндин Ранкештрассе көчөсүндө 2016-жылы да ушуга окшогон кырсык болгон. Анда жүк ташуучу машине жаңы жылдык жарманкеге чогулгандарды сүзүп, 12 киши набыт кеткен. Ал окуя үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук уюму өзүнө алган.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG