Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө ишке орноштурууну талап кылган эки киши өзүнө кол салды


9-июнда жумушка орношо албаганына нааразылык билдирип, өзүнө жаракат келтирген Жаңы-Өзөндүн эки тургуну ооруканага жеткирилди.

“Азаттыктын” казак кызматына жөнөтүлгөн видеодо колу таңылып, жерде отурган бир кишини көрүүгө болот. Тез жардам келип, аны алып кетти. Видеодогу адамдын колу менен курсак тушу жараланганын байкоого болот.

Аты-жөнүн атабоону сураган видеонун авторунун айтымында, март айында Жаңы-Өзөн акимчилиги 81 кишини мунай-газ жабдыктарын ширетүү адистиги боюнча курстан окуткан.

— Окуу бүткөн соң эки ай жумуш таба албай, ал ушундай аракетке барды. Жей турган тамагы жок. Мындай аргасыз абалдагы кишилер көп. Атүгүл алар өлөр алдындагы каттарын да жазып коюшкан, - деди ал.

Жаңы-Өзөн шаардык ооруканасы бычактан жараланган киши кайрылганын тастыктады.

Жаңы-Өзөн акими Айбек Косуаков 9-июнь күнү түштөн кийин “КазМунайГаздын” энчилеш компаниясы болгон “Өзөнмунайгаздын” алдында эки киши өзүнө кол салганын, алардын өмүрү азыр коркунучта эместигин билдирди.

"Бири жараатын таңдырып, үйүнө кетти. Экинчиси ооруканада. Ал колун жана курсагын кесип, “Өзөнмунайгазга” ишке жумушка орноштурууну талап кылган. Биз 81 кишини ишке орноштуруу боюнча “Теском” ишканасы менен келишим түзгөнбүз. Ал “Өзөнмунайгаздын” жабдууларын оңдойт. Ишканада 72 киши иштеп жатат. Бирок он киши жумушка чыгуудан баш тартып, “Өзөнмунайгазга” барып, компаниянын өзүнө ишке алууну талап кылган, — деди Айбек Косуаков.

Шаар акимчилиги өзүнө жаракат келтирген кишилер 1-июнда жеке компанияга 250 миң тенге (570 доллар) айлык менен ишке орноштурулганын кабарлады.

Бир айдан бери 50дөй киши Жаңы-Өзөн акимчилигинин имаратынын алдында күнү-түнү бою туруп, мунайгаз секторунда ишке орноштурууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG