Ссылки доступа

Украин коргоо министри: күнүгө жүз чакты жоокерибиз набыт болууда


Украинанын коргоо министри Алексей Резников майданда күнүгө жүз чакты украин жоокери набыт болуп жатканын билдирди.

“Кармаш талаасындагы абал өтө оор. Күнүнө жүздөй жоокерибиз окко учуп, 500 чактысы жарадар болууда. Кремл аскерлеринин саны менен алып, чоң жоготууларга учурап, туруштукка туш болгону менен айрым тилкелерде алга жылууга кудуретүү”, - деп жазды министр Фейсбукка.

Резников постун башка өлкөлөрдөн курал-жарак алуу маселесине арнаган. Атап айтканда, польшалык “Краб” деген гаубицалар пайдаланууга даяр турганын маалымдады.

Согушкан тараптар өз жоготуулары тууралуу статистикасын чанда ачыкка чыгарат. Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу март айында бир жарым миңден көп аскери мерт кеткенин билдирген. Ошондон бери маалымат тарата элек.

Апрелде украин президенти Владимир Зеленский Орусия басып киргенден бери 2,5-3 миң украин аскери курман болгонун айткан. Июндун башында президент күн сайын армия 60-100 аскерин жоготуп, дагы 500дөйү жараат алганын билдирген.

Согушутун шартында тараптардын жоготуулары тууралуу маалыматтарды текшерүү мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG