Ссылки доступа

Акыйкатчы: Марат Казакпаевге меджардам канчалык жеткиликтүү болгону текшерилет


Саясат талдоочу Марат Казакпаев №1 шаардык ооруканага “Тез жардам” менен эс учун жоготкон абалда жеткирилген. Бул тууралуу 9-июнда Акыйкатчынын кеңсеси билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Казакпаевдин жубайы жардам сурап аларга 6-июнда кайрылган. Азыр Акыйкатчынын кеңсеси саясат талдоочуга медициналык жардам канчалык жеткиликтүү болгонун жана анын бөгөт чарасы эмне үчүн өз убагында өзгөртүлбөгөнүн териштирүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Казакпаев быйыл 27-апрелден 19-майга чейин Улуттук госпиталда дарыланып, кайра абакка жеткирилгени маалымдалды.

Саясат талдоочунун адвокаты Икрамидин Айткулов “Клооп” басылмасына билдиргендей, ал №1 ооруканага 9-июнда түшкөн, дарыгерлер анын мээсине кан куюлуп, инсульт болгонун, жасалма дем алдыруу аппаратына кошулганын айтышкан.

УКМК бул боюнча маалымат бере элек.

Казакпаев жана дагы бир адам мамлекетке чыккынчылык кылууга шек саналып 2021-жылы апрель айында кармалган. Кылмыш иши Жазык кодексинин “Мамлекетке чыккынчылык кылуу” беренеси менен козголгон.

Мунун алдында Казакпаев www.aryba.kg сайтына “Абал курчуп баратат, чек араны Ташиев чече албайт” деген аталышта маек курган. Айрым талдоочулар анын камалганын дал ушул маекке байланыштырган. Тергөөнүн материалдары жашыруун болгондуктан сот жабык өтүп жатканы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG