23-июндан баштап “Ташкент-Самара” поезди Ташкенттен бейшембиде, Самарадан жекшембиде сапарга чыгат;
25-июндан тарта “Ташкент-Волгоград” поезди Ташкенттен ишембиде, Волгограддан шейшембиде жолго чыгат. Бул тууралуу "Орусия темир жолдору" билдирди.
Орусия менен Өзбекстан жарандары үчүн буга чейин киргизилген санитардык чектөөлөр – коронавируска карата ПЧР-тест алынып салынган.