Ссылки доступа

Ташкентте беш пранкер соттолду (видео)


Ташкентте пранкерлер тобу нары-бери өткөндөрдү көпүрөдөн ыргытабыз деп тамашага салышкан. Укук коргоо кызматкерлери алардын тек-жайын аныктап, жоопкерчиликке тартты. Бул тууралуу “Ёшлар” телеканалы билдирди.

Топ киши шаардыктарды көпүрөдөн ыргытабыз деп тамашага салганы тартылган видео соцтармактарда кызуу талкуу жараткан.

Иликтөө учурунда Жасур аттуу жаш жигит одоно тамаша менен пранк-роликтерди тартып келгени аныкталган.

Соцтармактарга жайгаштырылган видеодо коомдук жайларда жүрүү эрежеси бузулуп жатканы аныкталган.

Бул видеороликтерди тарткан беш жигит сот жообуна тартылып, ар бири 15 суткага камалган.

Видео

Видео

Турист тартуу максатын көздөгөн шырдак фестивалы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00
XS
SM
MD
LG