Алар миграцияга кетип жаткан кыздар тууралуу депутаттын парламент жыйынында айткан сөзүн кескин сындап, Шайлообек Атазовдон мандатын тапшырууну талап кылышты.
Депутат Атазов Жогорку Кеңештин 9-июндагы отурумунда 18-20 жаштагы кыздарды миграцияга ата-энеcинин коштоосу менен же күйөөгө чыккандан кийин гана жиберүүнү сунуш кылган. Социалдык медиада эл өкүлүнүн бул демилгесин "аялдардын укугун чектөө" деп сындашты.
Расмий маалымат боюнча ушу тапта Орусияда эле бир миллиондон ашык кыргызстандык эмгек миграциясында жүрөт.