Ссылки доступа

Алматыда "мыйзамсыз" курулушка каршы акция учурунда бир киши каза болду


Алматынын Бостандык районунда "мыйзамсыз" курулушка каршы өткөн 11-июндагы акция учурунда жаракат алган киши жекшемби күнү ооруканада каза болду.

Маалыматка караганда, калаанын Короленко көчөсүндөгү беш кабаттуу үйдүн тургундары шаар акиминин келишин талап кылып, Гагарин атындагы көчөнү бөгөп алышкан. Акция катышуучулары менен жаңжалдашкан айдоочулардын бири – Алматынын 1974-жылкы тургуну асфальтка катуу жыгылып, эртеси ооруканада каза болуп калган. Аны түртүп жиберген акция катышуучусу камакка алынды. Шектүүнүн жубайы Мадина Сейтаханова күйөөсү коңшусун "кол салган" айдоочудан коргогонун билдирүүдө.

"Айдоочулардын бири биздин улгайып калган коңшубузга кол салды. Биз ага азык-түлүктөн жардам берип жүрчүбүз. Күйөөм аны коргоо үчүн айдоочуну түртүп жиберген. Бүгүн мен ооруканага барсам жаракат алган айдоочу каза болгонун айтышты. Күйөөмдү полиция кызматкерлери алып кетишти. Ал арак ичпейт, тамеки чекпейт, төрт балабыз бар. Биз болгону балдарыбыздын коопсуздугу үчүн корообузду курчап алууну каалап, акцияга чыкканбыз", – деди Сейтаханова.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, алар бир нече жылдан бери өз укуктарын коргой албай келишет.

" Короленко кичинекей жана туюк көчө. Үйдөн чыгарыбыз менен көчө турат. Бир нече жыл мурда биздин үйдүн маңдайында курулуш нормаларын жана эрежелерин бузуу менен көп кабаттуу беш үйдөн турган чоң турак-жай комплексинин курулушу башталган. Азыр үйдөн чыгуу кооптуу болуп калды, анткени көчөдө автоунаалар өтө көп болуп кетти", – деди тургундардын бири.

Аталган үйдүн тургундары буга чейин бул маселе боюнча бийлик өкүлдөрүнө бир канча жолу кайрылып, бирок мамлекеттик органдар убада берүү менен гана чектелишкенин билдирүүдө.

Ал ортодо Алматы шаардык департаменти төрт жергиликтүү тургун 11-июндагы акцияны уюштурууга айыпталып, административдик жоопкерчиликке тартылганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG