Ссылки доступа

Тажик бийлиги Тоолуу Бадахшанда "уюшкан кылмыштуу топтун үч лидери" кармалганын билдирди


Толиб Аёмбеков
Толиб Аёмбеков

Тажикстандын укук коргоо органдары 11-июнда Тоолуу Бадахшан автоном облусунда жергиликтүү "уюшкан кылмыштуу топтордун" үч лидери кармалганын билдирди.

"Ховар" улуттук маалымат агенттиги Тоолуу Бадахшандагы коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча мекемелер аралык штабдын билдирүүсүнө таянып, "11-июндагы атайын операциянын жүрүшүндө Хорог шаарындагы уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери Аёмбеков Толиб, Шанбиев Мунаввар жана Гулобов Ниёзшо кармалып, камакка алынганын" жазды.

Штабдын билдирүүсүндө кармалгандардын үчөөнүн тең "адам өлтүрүү, бейбаштык, талап-тоноо, аткезчилик, кылмыштуу топ түзүү, жапырт башаламандык уюштуруу, улут аралык кастыкты козутуу, мыйзамсыз маңзат, курал-жарак жана баалуу таштарды сатуу сыяктуу оор кылмыштарга тиешеси бар экени" белгиленген.

Буга чейин "Озоди" радиосунун булактары Хорог шаарындагы "Хлебзавод" маалесинде атышуунун үндөрү угулуп жатканын, күч түзүм кызматкерлери анын кире беришин тосуп турушканын билдиришкен.

Камакка алынганы айтылып жаткан Толиб Аёмбеков, Ниёзшо Гулобов жана Мунаввар Шанбиев аттуу жарандардын аты-жөнү Тажикстандын коопсуздук органдарынын расмий документтеринде алгач 2012-жылы – тажик УКМКсынын Бадахшандагы башкармалыгынын жетекчиси Абдулло Назаров өлтүрүлгөндөн кийин пайда болгон. Анда алар ошол эле жылы автоном облуста болгон башаламандыктарга, бирөөсү Назаровду өлтүрүүгө тиешеси бар деп айыпталган.

Учурда Тоолуу Бадахшанда интернет жана байланыш каражаттары жеткиликсиз болгондуктан, кармалгандардын жакындарынын пикирин билүүгө мүмкүн эмес болууда.

Тоолуу Бадахшандагы абал быйыл май айынын ортосунан бери курчуп турат. 14-майда Хорог шаарынын жүздөгөн тургуну митингге чыгып, Душанбе дайындаган автоном облустун башчысын жана мэрди кызматтан кетирүүнү, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Көп узабай тажик бийлиги аймакта "антитеррордук операция" баштаганын, анын жыйынтыгында "сегиз жоочу жок кылынып, дагы 11и жарадар болгонун" маалымдаган. Мындан тышкары 100дөн ашык киши кармалганы кабарланган. Жергиликтүү жашоочулар каза тапкандар мындан кыйла көп экенин айтышкан.

27-майда "Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму "Тажикстандын бийлиги нааразылыкка чыккандарды куугунтуктоону токтотуп, аларга каршы жасалган кылмыштарды иликтеши керек" деп билдирген.

XS
SM
MD
LG