Ссылки доступа

Токаев Казакстандан чет өлкөлүк валюта менен алтынды алып чыгууга киргизилген чектөөлөрдү жумшартты


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев "Каржы туруктуулугун камсыз кылуу чаралары тууралуу" быйыл март айында кол койгон жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизди.

Ага ылайык, Казакстандын Улуттук банкы менен анын бардык түзүмдөрүнө өлкөдөн 10 миң доллардан ашкан чет өлкөлүк накталай валютаны чыгарып кетүүгө мүмкүндүк берилет.

Мындан тышкары өзгөртүүлөр менен төмөнкү чектөөлөр алынды:

  • Казакстандын аймагына Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирбеген өлкөдөн алып келинген сырьёдон алынган аффинаждалган алтынды чыгарууга;
  • ЕАЭБге мүчө өлкөдөн алып келинген сырьёну иштетүүдөн алынган аффинаждалган алтынды ЕАЭБдин ошол эле өлкөсүнө чыгарууга;
  • Төлөнбөгөн же жүгүртүүгө жарабаган накталай чет өлкөлүк валютаны тиешелүү келишимдин негизинде экинчи деңгээлдеги банктардын сыртка чыгаруусуна.

Президент Токаев быйыл 14-марттагы жарлыгы менен 10 миң доллардан ашык накталай чет өлкөлүк валютадан тышкары өлкөдөн Улуттук банктын 5,10,20,50 жана 100 граммдык аффинаждалган алтын куймаларын, алтындан жасалган Altyn Barys жана күмүштөн жасалган Kumys Barys инвестициялык монеталарын, ошондой эле 100 граммдан ашык тазаланган алтынды чыгарууга чектөө киргизген.

Жарлык жарыялангандан кийин Казакстандын Улуттук банкы бул чектөө мекеменин резервин сактоону камсыздай турганын билдирген.

Марттын башында Казакстандагы айрым коммерциялык банктарда доллар депозитине чектөө киргизилгени, Нур-Султан жана Алматы шаарларындагы акча алмаштыруу жайларында нак доллар тартыш болуп жатканы кабарланган. Өлкөдөгү кээ бир коммерциялык банктардын башчылары доллардын тартыштыгы убактылуу көрүнүш экенин, Орусияга салынган санкцияларга байланыштуу нак валютаны адаттагы жолдор менен жеткирүү кыйынга туруп жатканын айтышкан.

XS
SM
MD
LG