Ссылки доступа

Тажик оппозициясы тарапташтарынын кармалганы боюнча маалыматка жооп кайтарды


Быйылкы жылдын алгачкы үч айында Душанбеде эле милиция террордук жана экстремисттик уюмдардын 14 мүчөсүн кармады. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир жарым эсеге көп.

Тажикстан ИИМи кармалгандардын арасында өлкөдө тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу партиясы” менен “Группа 24түн” мүчөлөр бар экенин билдирүүдө. Бийликтин оппоненттери жарыяланган маалыматты “негизсиз” деп аташты.

Тажикстанда тыюу салынган уюмдардын өкүлдөрү бул маалымат коомчулук арасында коркуу жана күмөн жаратуу үчүн таратылган деп эсептешет.

“Милиция чиновниктери мындай маалыматтарды сый акы жана наам алуу, мындан тышкары оппозиционерлер менен кызматташкан адамды түрмө күтүп турганы жөнүндө жарандар арасында коркуу сезимин пайда кылуу үчүн таратышат”, - деди “Группа 24түн” маалымат катчысы Мухаммадсобири Абдукаххор.

Тажик бийлиги кармалган “террордук жана экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн” аты-жөнүн атаган жок.

Тажикстанда 19 уюмдун ишине тыюу салынган. Тизме экстремисттик жана террористик деп бөлүнөт. Жогорку Соттун 2006-жылдагы чечими менен “Мусулман агайындар”, “Жамаат-и-Ислами”, “Талибан кыймылы”, “Түркстан ислам партиясы”, “Лашкар-и-Тайба”, “Өзбекстан ислам кыймылы”, “Аль-Каида” , "Жамият-е-Таблиги" жана “Таблиги Жамаат” уюдарынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Кийинки жылдары алардын катарына “Ислам кайра жаралуу партиясы”, “Группа 24”, “Тажикстандын жаңы альянсы” партиялары менен кыймылдары, “Салафия” диний агымы кошулган. Айрым саясий уюмдардын жетекчилери терроризм жана экстремизмге катышы барын четке кагып, тажик бийлигинин чечимин атаандаштарын саясий сахнадан четтетүү аракети катары баалашат.

Видео

Видео

Турист тартуу максатын көздөгөн шырдак фестивалы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00
XS
SM
MD
LG