Ссылки доступа

Алматыдагы Bek Air учагынын кыйрашы: мурдагы аткаминерлер соттолду


Алматы облусунун Талгар райондук соту Алматы шаарындагы эл аралык аэропорттун маңдайындагы жерге байланыштуу көз боёмочулук иши боюнча айып тагылган мурдагы чиновниктерге өкүм чыгарды.

Талгар районунун мурдагы чиновниктери 2017-2019-жылдар аралыгында аэропорттун маңдайындагы мамлекетке тиешелүү жерди мыйзамсыз сатып жиберишкени үчүн түрдүү мөөнөткө соттолушту. Аларга кызмат абалынан кыянат пайдалануу, алдамчылык айыбы тагылган.

Informburo басылмасы кабарлагандай, Талгар районунун архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн мурдагы башчысы Марат Рыспеков 6 жылга; райондун мурдагы башкы архитектору Максат Тыныбай 6 жыл 3 айга; Панфилов айыл аймагынын мурдагы башчысы Нургали Аппазов 8 жылга; Панфилов айыл аймагынын башчысынын мурдагы орун басары Курманжан Галиева 5 жылга эркинен ажыратылды.

2019-жылы 27-декабрда таңга маал Алматы шаарынын жанына кулаган учактын ичинде 98 киши, анын ичинде экипаждын беш мүчөсү болгон. Кырсыктан 12 адам каза таап, 69у жаракат алган.

Казак бийлиги 2020-жылы январда Bek Air авиакомпаниясынын ишмердүүлүгүн токтоктон. Авиакомпаниянын өкүлдөрү эгер аэропорттун жанындагы курулуштар болбогондо, адам өлүмү катталмак эмес деген пикирин билдиришкен.

2020-жылы аэропорттун жанындагы жерлерди мыйзамсыз сатуу боюнча бир катар аткаминерлерге кылмыш иши козголгон.

Былтыр Алматы облустук соту Bek Air учагы кыйраган Алматы аэропортунун жанындагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү айыбы менен мурагы беш чиновникке жана риелторго өкүм чыгарган. Үч адамдын эркиндиги үч жылга чектелип, калгандары 2,5 жылдан 4 жылга чейин түрмөгө кесилген.

Акыркы 10 жылда Казакстанда адам өлүмү менен коштолгон бир нече авиакатастрофа орун алды.

XS
SM
MD
LG