Ссылки доступа

Кыргызстан менен Тажикстан чек арага тартылган кошумча күчтөрдү артка кайтарууну макулдашты


Булак-Башы жерлигинде Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд багытындагы чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунда тараптар куралдуу окуя боюнча өз дооматтарын билдиришти.

Жолугушууда эки тарап Булак-Башыдагы чек ара кезметтеринин жүрүү маршруттарын тактоону, окуя болгон жерге тартылган кошумча күч жана каражаттарды артка кайтарууну жана эки өлкөнүн чек ара постторунун башчыларын күн сайын жолугуп, кырдаал боюнча маалымат алмашууга милдеттендирүүнү макулдашты.

Ошондой эле мурда казылган траншеяларды көөмп, жер участоктору чек арага жакын жайгашкан жарандардын айыл чарба иштерин жүргүзүүгө тоскоолдук жаратпоону сүйлөшүштү.

Расмий билдирүүдө эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын делегациялары жакынкы күндөрү кайра жолугары айтылды.

Кыргызстандын чек ара кызматы Баткен районунун Булак-Башы аймагында 14-июнда таңга жуук 6:50-7:00дө тажик чек арачылары биринчи атканын, ага жооп ирети кыргыз чек арачылары асманга ок чыгарганын билдирген. 07:50дө тажик тарап гранатомет жана миномет колдонуп, саат 8:10до атышуу токтогонун кабарлаган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз-тажик чек арасындагы соңку ок атышуу тууралуу билдирүү таратып, анда 26 жаштагы бир чек арачы жарадар болгонун билдирди.

Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянуу менен куралдуу жаңжалда бир адам каза болгонун жазган. Мамлекеттик мекеме өз маалыматында бул кабарды ырастаган эмес.

Тажик ТИМи билдирүүсүндө ок атууга кыргыз тарапты айыптап, "окту биринчи Кыргызстандын чек арачылары чыгарганын" белгилеген.

3-июнда ушул эле Булак-Башы аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып, Кыргызстандын эки жоокери жараат алган.

Булак-Башы айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы менен чектеш аймакта жайгашкан.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG