Ссылки доступа

ЖМК: Назарбаевдин "күйөө баласы" лобби кылган заводдун курулушун бюджеттин эсебинен бүткөрүү пландалууда


Казакстанда газды кайра иштетүүчү GPC Investement заводунун курулушу бюджеттин эсебинен бүткөрүлүп, мамлекеттин балансына өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу КазТАГ агенттиги кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, Кашаган кенине газды кайра иштетүүчү завод курууну улуттук "КазТрансГаз" компаниясын жетектеп турган кезинде Кайрат Шарипбаев лобби кылган. Ал Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаеванын бейрасмий күйөөсү деп айтылып келет.

Энергетика министрлиги 14-июнда жарыялаган өкмөттүн токтомунда "тартуулап берүү келишими боюнча GPC Investement'тин уставдык капиталындагы акциялардын 100% мамлекеттин менчигине өткөрүү тууралуу TauBerekeGroup компаниясынын сунушу кабыл алынышы керектиги" жазылган.

Petrocouncil тармактык басылмасынын маалыматына караганда, Шарипбаев кезинде "газ жеткирүү боюнча NCOC компаниясы менен, ошондой эле газды кайра иштетүүчү заводдун курулушуна насыя алуу боюнча Казакстандын өнүгүү банкы менен макулдашууга жетишкен".

Буга чейин Казакстандын өнүгүү банкы аталган заводдун курулушун каржылоого катышуу ыктымалдыгын караштырып жатканын билдирген. NCOC болсо мунай менен газды комплекстүү даярдоочу "Болашак" комплексинен заводго чейин газ куурун салууга 50 миллион доллар бөлгөн.

Petrocouncil басылмасы эксперттердин пикирлерине таянып, экс-президенттин күйөө баласы "КазТрансГаз" башчылыгынан кеткенден кийин газды кайра иштетүүчү заводдун тагдыры күмөн болуп калганын белгилеген.

Экономика министрлигинин түшүндүрмө катында кубаттуулугу жылына 1,15 миллиард куб метрди түзө турган заводду мамлекеттин балансына өткөрүү демилгеси президент Касым-Жомарт Токаевдин экономиканы демонополдоштуруу боюнча тапшырмасы менен түшүндүрүлгөн.

Өткөн жумада аталышы QazaqGaz деп өзгөртүлгөн мурдагы "КазТрансГаз" компаниясынын жаңы жетекчилиги ишканада 2,2 миллиард долларлык мыйзам бузуу аныкталганын билдирген. Кайрат Шерипбаев бул компанияны 2014-жылдан 2022-жылдын январь айынын ортосуна чейин жетектеген.

Жыл башында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Январь окуяларынын тутанышына себеп болгон "суюлтулган газдын кымбатташына жол берген өкмөттүн, анын ичинде Энергетика министрлиги менен "КазТрансГаз" компаниясынын да күнөөсү бар экенин" билдирген.

XS
SM
MD
LG