Ссылки доступа

Казакстан мажилиси каржы пирамидаларын жарнамалаган блогерлерге кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү колдоду


Казакстан парламентинин мажилиси 15-июнда "Каржы базары менен каржы уюмдарга көзөмөлдү күчөтүү жана каржы (инвестициялык) пирамидаларынын ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү тууралуу" мыйзам долбоорун жактырды.

Документ каржы пирамидаларын түзүү үчүн жазаны күчөтүүгө жана аларды жарнамалаган белгилүү адамдарга карата кылмыш жоопкерчилигин киргизүүгө багытталган.

Vlast басылмасынын маалыматына караганда, сунушталган мыйзам долбоору кабыл алынса Кылмыш кодексине 217-берене киргизилет. Ага ылайык, мыйзам бузган жарандар 2000 минималдык айлык акы өлчөмүндө айып пул төлөп, же 600 саатка чейин коомдук жумуштарды аткарып, же эки жылга чейин эркинен ажыратылып же эркиндиги чектелет. Бул берененин төртүнчү бөлүмүндө 3 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлктөрүн конфискациялоо жазасы каралган.

Казакстанда каржы пирамидаларын жарнамалоо үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү сунушу быйыл жыл башында белгилүү вайнерлерге каршы кылмыш иши козголгондо айтыла баштаган. Тергөөнүн версиясына ылайык, вайнерлер Мейржан Туребаев менен Мейирхана Шерниязова Mudarabah Capital'дын жарнамасына катышып, анын түзүүчүлөрүнүн бири катары киреше алып турушкан.

Апрель айында бул иш боюнча жабырлануучу деп табылган алматылык Багила Досмаилова тергөөнүн жүрүшүнө нааразылык билдирип, Ички иштер министрлигинин Нур-Султандагы имаратынын алдында өзүнө өрт койгон. Ал денесиндеги күйүктөрү менен ооруканага жеткирилген.

Ага чейин Досмаилова Алматы шаардык полиция департаментинин жетекчи орун басары "кылмыш иштерин жабууга шашып жатканын" айтып, Mudarabah Capital'ды жарнамалаган вайнерлерди жоопкерчиликке тартууну талап кылган.

Апрелдин аягында "Каржы пирамидасын түзүү жана аны жетектөө" беренеси боюнча шектелип жаткан вайнерлер Мейржан Туребаев менен Мейирхан Шерниязованын камактагы мөөнөтү эки айга узартылган.

Казакстандын Каржы мониторинги боюнча агенттигинин маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери 17 миңден ашык жаран каржы пирамидаларына 27 миллиард теңге салган.

Видео

Видео

Америкага барам деп алдангандар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:44 0:00
XS
SM
MD
LG