Ссылки доступа

Казак мунайын экспорттоо кайрадан үзгүлтүккө учурады


Каспий куур түйүнү консорциуму Казакстан мунайын дүйнөлүк рынокко жеткирүүнү кайрадан токтотту.

15-июндан баштап деңиз терминалынын акваториясындагы уулуу предметтерди утилизациялоого даярдык көрүүнү баштоо пландалган. Бул тууралуу Inbusiness.kz агенттиги кабарлады.

Мындан тышкары Каспий куур түйүнү консорциуму деңиз алдындагы жабдууларын ремонттон өткөрөт.

Буга байланыштуу 15-25-июнь аралыгында казак мунайын экспорттого чектөө киргизилет.

Каспий куур түйүнү аркылуу Казакстандын Тенгиз, Карачаганак жана Кашаган кендеринен алынган мунай экспорттолот. Казакстан өкмөтүнүн маалыматына караганда, 2021-жылы бул куур аркылуу 53,1 миллион тонна казак мунайы дүйнөлүк базарга жөнөтүлгөн. Быйыл январь-апрель айларында бул көрсөткүч 18,7 миллион тоннаны түзгөн.

Быйыл мартта "Каспий куур түйүнү консорциуму" катуу шамалдан улам Новороссийский алдындагы деңиз терминалындагы жабдуулардын шлангдары жарактан чыкканын кабарлаган.

"Каспий куур түйүнү консорциуму" аркылуу дүйнөлүк рынокко суткасына 1,2 миллион баррель мунай чыгарылат, бул дүйнөлүк жеткирүүнүн 1,2 пайызын түзөт. Казакстандан чыккан мунайды Chevron, Exxon Mobil, Eni жана Shell компаниялары өндүрөт.

XS
SM
MD
LG