Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө "КЕЗБИ" компаниясындагы өрттөн бир киши мерт болду


15-июнга караган түнү Жаңы-Өзөн шаарындагы “КЕЗБИ” жоопкерчилиги чектелген шериктештигинде мунай скважиналарынын ремонту учурунда агрегатор өрттөнүп, 43 жаштагы машинист мерт болду.

“КЕЗБИ” компаниясы учурда укук коргоо органдары текшерүү иштерин жүрүзө баштаганын, буга байланыштуу окуянын чоо-жайын айта албай турганын билдирди.

Бул арада “КЕЗБИ” компаниясынын мурдагы кызматкери “Фейсбуктагы” баракчасына окуя болгон жерде тартылган видеону жарыялады. Ал эмгек коопсуздугу сакталбаганын, техника эски экенин, бийлик буга кулак төшөбөй келгенин жазды.

Видеодон күйүп жаткан агрегат менен жалынга чулганган кишинин сөөгүн байкоого болот.

“КЕЗБИ” компаниясынын директору техниканы эски деп эсептебей туранын, маркум Есен Абильханов иштеген агрегат 2014-жылы чыгарылганын билдирди.

Мурда аталган компаниянын жумушчулары бир айдай нааразылык өткөрүшүп, айлык акыны жогорулатууну, “Өзенмунайгаздын” курамына кошууну жана эмгек шартын жакшыртууну талап кылышкан.

1992-жылы негизделген "КЕЗБИ" компаниясы мунай өндүргөн "Озенмунайгаз" ишканасынын скважиналарын оңдоо менен алектенет.

XS
SM
MD
LG