Ал: “Орусияда айрымдар Орусия Казакстанды “куткарып калды”, демек, Казакстан Орусияга түбөлүк кызмат кылып, аягына жыгылышы керек деп, окуяны бурмалап жатышат”, - деди.
Токаев бул чындыкка дал келбеген пикир экенин билдирди.
Ал Январь окуясы учурунда ЖККУ чектелүү контингет жибергенин белгилеп, аскерлер Алматыга келген сааттан баштап, бир да ок атпаганын кайталады.
Орусия жетектеген альянс январда “өлкөгө сырттан агрессия жасалып жатканын” маалымдаган Токевдин өтүнүчү менен Казакстанга эки миңден ашык аскерин жиберген.
16-майда ЖККУ жыйынында Владимир Путин уюмдун контингентин Казакстанга киргизүү маселесине токтолуп, аскерлер экстремисттердин Казакстанда бийликти басып алуусун алдын алууга жетишкенин билдирген.