Ссылки доступа

Өзбекстанда болочок колуктусун чаап жиберген жигиттин аракети майда бейбаштык катары сыпатталды (видео)


Өзбекстанда үйлөнүү үлпөт учурунда күйөө бала кызды чаап жиберген видео көптөгөн дүйнөлүк басылмаларда резонанс жаратты.

Бул жөнүндө Германиядагы Bild басылмасы, Британиядагы Daily Mail гезити жазып, кореялык JTBC телеканалы көрсөттү. 30 секунддук видеодо жигит кызды башка катуу чаап жибергени тартылган. Бул учурда күйөө жолдош жылмайып, коноктор үн катпай калган. Залда нааразы болгондордун же айыптагандардын үнү угулган эмес.

В Узбекистане жених ударил невесту прямо на свадьбе
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:30 0:00

Өзбекстандын Үй-бүлө жана аялдар комитетинин маалымат кызматы окуя 6-июнда Сурхандарыя облусунун Узун райоунунда күйөө баланын үйүндө болгонун маалымдады. Жаш түгөйлөрдүн достору конфеттин кагазын ылдам ачуу боюнча сынак уюштурушкан. Кыз жеңип алганда, ачууланган күйөө бала аны чаап жиберген.

Видео ЖМКларда жана соцтармактарда тарап кеткенден кийин Узун райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери окуяны териштирип, түгөйлөр жана алардын ата-энелери менен “профилактикалык сүйлөшүү” өткөрүшкөн.

Газета.uz басылмасынын өз булагы жигитке карата майда бейбаштык айыбы боюнча административдик иш козголгонун кабарлады.

XS
SM
MD
LG