Ссылки доступа

Өзбекстандагы заводдордун биринде жарылуу болуп, жүк ташуучу унаанын айдоочусу жараат алды


Өзбекстандын Алмалык шаарындагы Maxam Uzbekistan биргелешкен ишканасынын цехтеринин биринде жарылуу болуп, имараттын конструкциясы бузулду. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жарылуудан жакын жерде турган жүк ташуучу унаанын айдоочусу жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Азыр анын абалы канааттандыраарлык деп бааланууда.

Учурда ӨКМдин, облустук акимчиликтин, прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук гвардиянын жана башка мекемелердин өкүлдөрү кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүп жатышат.

15-июнь күнү саат 17:55те Ташкент облусунун Алмалык шаарындагы "Аммофос-Максам" ишканасынын аймагында Maxam Uzbekistan биргелешкен ишканасынын ижарага алган цехтеринин биринде технологиялык процесстин бузулушунан улам жарылуу болгон.

XS
SM
MD
LG