Ссылки доступа

34 жашка толгон Жанболат Мамайды тарапташтары түрмөнүн сыртынан куттукташты


15-июнда Алматыдагы тергөө изоляторунун алдына "Демократиялык партия" түзүү боюнча демилгечи топтун жетекчиси, учурда камакта отурган Жаболат Мамайдын бир топ жактоочусу чогулду. Алар төрт айдан бери абак отурган активистти туулган күнү менен куттукташты.

Чогулгандар колдоруна "Жанболатты соттоо - келечекти соттоо", "Токаев Жанболат Мамайды бошот!" деген жазууларды кармап турушту. Мамайдын пикирлеши Абзал Достияров активист ушуну менен үчүнчү жолу туулган күнүн абакта тосуп жатканын айтты. Мамай 2012 жана 2017-жылдары да кармалган.

Чогулгандар абактын алдында асманга шарларды кое беришти.

34 жаштагы Жанболат Мамай 25-февралдан бери камакта отурат. Алгач ал Январь окуяларында курман болгондорду эскерүү митингинде "тынч жыйындарды өткөрүү эрежелерин бузган" деген айып менен 15 суткага административдик камакка алынган. Андан соң "бийлик өкүлүн кемсинтүүгө" жана "жалган маалымат таратууга" шектелип тергөө абагына камалган.

Өткөн аптада активист Январь окуялары маалында "жапырт башаламандык уюштурууга" жана "жалган маалымат таратууга" айыпталып жатканы да белгилүү болгон. Мамайдын айтымында, бийлик "жапырт башаламандык уюштуруу" деп 4-январда "Алматы арена" комплексинин жанындагы миңдеген киши чогулган митингди, анын катышуучуларынын полиция кызматкерлери менен кагылышуусун эсептөөдө. Мамай 4-январдагы тынч митингге катышканын, 5-январда митингге баратканда белгисиз кишилер аны сабап кетишкенин, мындан соң аялы аны үйүнө алып кеткенин айткан.

Буга чейин бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары казак бийлигин активистти эркиндикке чыгарууга чакырышкан. Апрелде Amnesty International уюму Мамайды колдогон өнөктүк баштап, жарандарды активистти бошотуу боюнча чараларды көрүү өтүнүчү менен Токаевге кат жазууга чакырган. Ошол эле айда казакстандык укук коргоочулар Мамайды саясий туткундардын тизмесине кошкон.

XS
SM
MD
LG