Ссылки доступа

Тажикстанда кармалган эки блогерге айып тагылды


Абдулло Гурбати менен Далери Имомали
Абдулло Гурбати менен Далери Имомали

Тажикстанда 15-июнда кармалган блогер Далер Имомалиге карата "Мыйзамсыз ишкердик", "Жалган маалымат таратуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Журналист Абдулло Гурбатиге "Бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренеси менен айып тагылды.

Учурда эки блогер тең Душанбедеги тергөө абагында.

Далер Имомали менен Абдулло Гурбати 15-июнда прокуратурага жеткирилип, ошол эле күнү камалган. Имомалинин адвокаты Абдурахмон Шариповдун айтымында, Далер Журналисттер биримдигинин мүчөсү, бирок акыркы жылдары блогерлик менен алектенип жүргөн.

Имомали блогерлик ишинен аз болсо да киреше тапканын, бирок бул үчүн салык төлөшү керек экенин билбегенин айтты.

Абдулло Гурбати болсо сурак учурунда милиция кызматкерине каршылык көрсөтүү ниети болбогонун билдирип, айыптоолорду четке каккан.

"Азия-Плюс" маалымат агенттигинин журналисти Абдулло Гурбати май айында эки жолу кол салууга кабылган. 11-майда Душанбе шаарында аны беткапчан эки киши сабап кеткен. 29-майда журналист Хуросон районундагы селдин кесепеттери тууралуу сюжет тартып жүргөндө үч киши аны кемсинтип, бир нече жолу уруп жиберишкен.

Далер Имомали менен Абдулло Гурбати соңку айларда Тажикстандагы мамлекеттик органдардын иши боюнча ар түрдүү сын репортаждарды даярдап келишкен.

XS
SM
MD
LG