Ссылки доступа

Тажикстанда журналисттер менен активисттер камактагы эки блогерди бошотууну талап кылышты


Абдулло Гурбати (солдо) менен Далери Имомали

Тажикстанда блогер Далери Имомали менен журналист Абдулло Гурбатинин кармалышы социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланууда. Жергиликтүү журналист Ражаби Мирзо бул окуяга кийлигишүү өтүнүчү менен Душанбенин мэри жана тажик парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Рустами Эмомалиге кайрылды.

"Алар өздөрүнүн профессионалдык миссиясын чын ыкластан, объективдүү аткарып, өлкөдө дале болсо чыныгы абал тууралуу айтууга болорун, бул үчүн радикал жана оппозициячыл топтордун жардамына кайрылуу зарыл эмес экенин далилдешкен. Сын үчүн аткаминерлердин блогерлерден өч алуусу – тышкы күчтөрдүн гана чырагына май тамызат", – деп жазылган Мирзонун кайрылуусунда.

Кайрылуунун алдына ЖМКлар менен жарандык коомдун ондогон өкүлү кой койгон.

Далери Имомали менен Абдулло Гурбати 15-июнда прокуратурага жеткирилип, ошол эле күнү камалган. Имомалиге карата "Мыйзамсыз ишкердик", "Жалган маалымат таратуу", Гурбатиге болсо "Бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелери менен кылмыш иштери козголгон. Учурда эки блогер тең Душанбедеги тергөө абагында камакта отурат.

Имомалинин адвокаты Абдурахмон Шариповдун айтымында, Далери Журналисттер биримдигинин мүчөсү, бирок акыркы жылдары блогерлик менен алектенип жүргөн.

Имомали блогерлик ишинен аз болсо да киреше тапканын, бирок бул үчүн салык төлөшү керек экенин билбегенин айтууда.

Абдулло Гурбати болсо сурак учурунда милиция кызматкерине каршылык көрсөтүү ниети болбогонун билдирип, айыптоолорду четке каккан.

"Азия-Плюс" маалымат агенттигинин журналисти Абдулло Гурбати май айында эки жолу кол салууга кабылган. 11-майда Душанбе шаарында аны беткапчан эки киши сабап кеткен. 29-майда журналист Хуросон районундагы селдин кесепеттери тууралуу сюжет тартып жүргөндө үч киши аны кемсинтип, бир нече жолу уруп жиберишкен.

Далери Имомали менен Абдулло Гурбати соңку айларда Тажикстандагы мамлекеттик органдардын иши боюнча ар түрдүү сын репортаждарды даярдап келишкен.

Буга чейин Тажикстандагы 11 журналисттик уюмдун, мамлекеттик жана жеке гезиттердин өкүлдөрү бийликке кайрылып, блогер Далери Имомали менен "Озоди" радиосунун журналисттерине кол салгандарды табууну жана жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан.

Видео

Видео

 Элдик таланттарга шык берген амфитеатр
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:41 0:00
XS
SM
MD
LG