Ссылки доступа

Казакстанда бир жуманын ичинде металлургиялык комбинаттагы кырсыктан дагы бир жумушчу каза болду


16-июнда "АрселорМиттал Темиртау" (АМТ) компаниясынын Темиртау шаарындагы металлургиялык комбинатында адам өмүрүн алган кезектеги кырсык катталды.

Маалыматка караганда, ЖЭБ-2нин буу казандарынын бириндеги монтаждоо иштеринин жүрүшүндө 35 жаштагы жумушчу бийиктиктен кулап дароо мүрт кеткен.

Караганда облустук акимчилиги каза болгон жумушчу "АрселорМиттал Темиртау" комбинатына кызмат көрсөткөн AB Construction аттуу жалданма компаниянын жумушчусу экенин билдирди. Көп өтпөй AB Construction жумушчунун өлүмү боюнча "тергөө башталганын" кабарлады.

Бул акыркы бир жуманын ичинде "АрселорМиттал Темиртау" компаниясынын металлургиялык комбинатында мерт болгон бешинчи киши. 10-июнда отко чыдамдуу дубалды демонтаждоо учурунда төрт жумушчу каза болуп, бирөө оор абалда ооруканага жеткирилген. Анда термикалык мештин арты урап, адамдар урандылардын алдында калганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG