Ссылки доступа

Өзбекстан Сенатынын төрага орун басары: Конституция өзгөрсө Мирзиёевдин президенттик мөөнөттөрү "жокко чыгат"


Өзбекстан Сенатынын төрага орун басары Садык Сафаев өлкө Конституциясы өзгөртүлсө, азыркы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёевдин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү "жокко чыгарын" ырастады. Бул тууралуу ал Kun.uz сайтына берген маегинде айтты.

"Эгер жаңы Конституция кабыл алынса, албетте, ал бардык жарандарга, анын ичинде азыркы президентке жаңы Баш мыйзам менен шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк түзөт. Президент бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланар-пайдаланбасы анын өзүнөн жана талапкерлигин көрсөтө турган партиядан көз каранды. Бирок анын мындай укугу болот", – деди Сафаев.

Ошол эле маалда ал Мирзиёевдин ыктымал үчүнчү мөөнөткө баруусун актаганга аракет кылды.

"Эгер менин жеке пикиримди сурасаңар, эл аралык абалга анализ кылып жүргөн адам катары биз азыр өтө кооптуу дүйнөдө жашап жатабыз деп айтат элем. Күн сайын кырдаал оорлоп барат. Бул биздин өлкөгө да терс кесепеттерин тийгизбей койбойт. Бирок биз ага карабастан реформаларды улантышыбыз керек. Мен бул реформаларды баштаган кишиде аларды аягына чыгарууга мүмкүнчүлүгү болушу керек деп эсептейм", – деди ал.

Садык Сафаев конституциялык өзгөрүүлөр тууралуу пикирин айткан жогорку кызматтагы алгачкы өзбек чиновниги болду.

Чет өлкөлөрдөгү жана Өзбекстандагы талдоочулар көптөн бери эле Мирзиёев демилгелеген өзгөртүүлөрдүн негизги максаты Каримовдун тушундагыдай президенттин мөөнөтүн узартуу экенин болжолдоп жүрүшкөн. Бирок Сафаевдин бул билдирүүсүнө чейин аткаминерлер Конституцияны өзгөртүү демилгесин адам укуктарын сактоо жана реформаларды тездетүү зарылдыгы менен түшүндүрүп келишкен.

Былтыр октябрда экинчи жана акыркы мөөнөткө шайланган президент Шавкат Мирзиёев азырынча 2026-жылга карата пландарын айта элек. Ал буга чейин казакстандык кесиптеши Касым-Жомарт Токаевдей эки мөөнөттөн кийин президенттикке талапкерлигимди койбойм деп убада берген эмес.

Сафаевдин бул билдирүүсү Европадагы коопсуздук жана келишим уюмунун (ЕККУ) миссиясы Өзбекстандагы президенттик шайлоо тууралуу акыркы баяндамасын жарыялагандан кийин жасалды.

Комиссия өз баяндамасында шайлоодо чыныгы атаандаштык болбогонун, бийлик оппозициялык партиялардын каттоого туруусуна уруксат бербегенин сынга алган.

1991-жылы Өзбекстандын биринчи президенти болуп шайланган Ислам Каримов 2016-жылы каза болгонго чейин Конституцияны өзгөртүү жолу менен үч ирет, референдум өткөрүү аркылуу бир жолу президенттик мөөнөтүн узарткан. Өзбекстандын Конституциясы өлкөнүн 30 жылдык эгемен тарыхында 16 жолу өзгөртүлгөн.

64 жаштагы Шавкат Мирзиёев 2016-жылы президент болуп шайланганга чейин өлкө өкмөтүн 13 жыл башкарган.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG