Ссылки доступа

Казакстанда рублди ири өлчөмдө өлкөдөн чыгарып кетүүгө уруксат берилди (видео)


Нацбанк Казахстана разрешил банкам вывозить российские рубли из страны
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00

Казакстандын Улуттук банкы дерублизация жараянын ишке киргизди. Ага ылайык, 15-июлдан тартып экинчи деңгээлдеги банктарга 31-августка чейин өлкөдөн рубль чыгарып кетүүгө уруксат берилди.

Мындай артыкчылык орус валютасына гана берилди: 10 миң доллардан ашык экиваленттеги калган чет өлкөлүк валюталарды өлкөдөн алып чыгууга мурдагыдай эле болбойт. Токтомдун долбоорунда рубль түрүндөгү акча массасы рыноктогу суроо-талаптан жогору экени айтылган.

Орусия – Казакстандын башкы соода өнөктөшү. Былтыр республика Орусиядан 18,5 млрд долларга товар сатып алып, операциялардын 63% рубль менен жүргүзүлгөн. Москва санкцияга кабылгандан кийин орус импортунун үлүшү кыскарган жана соода жүгүртүүдө колдонулган рубль керексиз болуп калган.

Рубль массасынын ашыкча экенин Улуттук банктын күнүмдүк эсепке жана депозитке орус валютасын кабыл алууда комиссия киргизгени да тастыктап турат. Каржы мекемелеринде төлөм ар түрдүү: эң эле чоң ченди "ЦентрКредит" банкы койгон – 20%. Алар бул чечимин санкциялар менен түшүндүрдү.

Комиссия киргизүү менен банктар биржадагы жана накталай курстагы айырмадан пайда тапкысы келгендерден өзүн коргоого аракет жасоодо. Орус валютасы биржалык фонддорго караганда акча алмаштыруу жайларында арзан. Буга байланыштуу чайкоочулук жаралышы мүмкүн.

Орусия Украинага кол салгандан кийин санкциялар киргизилип, рубль эркин конвертациялаган валюта болбой калса да, бардык валюталарга карата позициясын бекемдеген. Көптөгөн эксперттер рублдин куну азыр эң жогорку чегинде экенин, мындан кийин арзандай баштарын божомолдошууда.

Видео

Видео

Америкага барам деп алдангандар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:44 0:00
XS
SM
MD
LG