Ссылки доступа

Казакстанда түрмөдө отурган мурдагы банкир жаңы кылмыш ишинде күбө катары сурак берет


"RBK банкындагы каражат уурдоо иши" боюнча түрмөдө жазасын өтөп жаткан мурдагы банкир Жомарт Ертаев жаңы козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөөгө күбө иретинде сурак берет. Бул тууралуу КазТАГ агенттиги жазды.

Алматы прокуратурасынын басма сөз кызматы Ертаевге "коргонууга укугу бар күбө" макамы берилгенин, ага кандайдыр бир айып тагылбаганын маалымдады.

Прокуратура RBK банкынын өкүлдөрүнөн укук коргоо органдарына түшкөн арыздын негизинде "Ишенип тапшырылган бөлөк мүлктү кымырып алуу же коромжуга учуратуу" боюнча тергөө жүрүп жатканын кошумчалады.

RBK банкынын башчысынын мурдагы кеңешчиси Жомарт Ертаев 2020-жылы банктан акча уурдоо айыбы менен 11 жылга соттолгон. Ал 2018-жылы Орусияда кармалып, Казакстанга өткөрүлүп берилген.

2021-жылы майда Ертаевдин жазасы жумшартылып, түрмөдөгү мөөнөтү жети жылга чейин кыскарган.

XS
SM
MD
LG