Ссылки доступа

Рахмон Бадахшанда куралчан кишилерди жок кылууга буйрук бергенин, башка жол болбогонун айтты


Эмомали Рахмон в Хороге. 30 сентября 2021 года

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 18-июнда Дангара районунда жергиликтүү жана республикалык органдардын жетекчилери менен жолугуп жатып,  Тоолуу Бадахшанда болгон окуяга токтолду. Ал курал-жаракчан кишилерди жок кылууга буйрук бергенин, башка жол болбогонун айтты:

“Рушанда райондун төрагасын сабашты, төраганын орун басарын сабашты, түшүнүп жатасыңарбы, аялды, тажикти... Улуттук коопсуздук колоннасы келгенде алар 13 аскер кызматкерин жаракат кылышты. Бир офицер өлдү. Башка жол болгон жок... Алардын курал-жарагы болгон... Рушанда көпүрөнү жардырууга даярданышкан. Мен күч түзүмдөрүнө мүмкүн болушунча жоочуларды жок кылууга же кармоого буйрук бердим. Мамлекеттин милдети – жарандардын коопсуздугун камсыздоо, улуттук коопсуздукту камсыздоо, мамлекеттик коопсуздукту камсыздоо. Бул функция жана милдет мамлекеттики жана мамлекет башчыныкы, башканыкы эмес”.

Эмомали Рахмон Тоолуу Бадахшандагы башаламандык үчүн “чакан топторду” айыптап, аймактын жөнөкөй жашоочулары “күнөөлүү эместигин” билдирди.

“Алар дайыма Бадахшан элинин атынан чыгып жатканын айтып келишкен... Бирок алар эч качан андай болгон эмес...Биз бул көйгөйдү так түшүнүп, ак-караны ажырата билишибиз керек”, - деди ал.

Рахмон аларды нечен жолу кечиргенин жана тынч, кадыресе жашоого кайтарууга аракет жасаганын кошумчалады:

“Отуз жыл. Бул жылдар аралыгында күч түзүмдөрү алардан 3-4 миң ок-дары алды. Ал эми алар акыркы окуяларды козутканда, бизде эбак маалымат болгон. Аларды чет өлкөлүк кожоюндар колго алып коюшкан. Кыска мөөнөттө аларды 26 млн сомониге (2,3 млн доллардан ашык) каржылашты жана чет өлкөдөн башкарып турушту. Жанакы Ислам кайра жаралуу террордук партиясы жана алардын ээлери. Максат – төңкөрүш жасоо”.

Президент бул айыптоолор эмнеге негизделгенин жана аталган каражат аймакка кантип жеткирилгенин айткан жок. Бийлик буга чейин Тоолуу Бадахшанда башаламандык уюштургандар чет өлкөдөгү оппозиция активисттеринен 13 000 доллардан кем эмес акча алганын билдирген. Оппозиция муну четке каккан.

Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда 16-17-майдагы акцияларда жергиликтүүлөр менен полиция кагылышып, бир нече адам өлгөн. Тажикстандын мамлекеттик ЖМКларынын акыркы репортажында 16 киши өлтүрүлгөнү, 220 адам кармалганы айтылды. Көз карандысыз булактар болсо Рушан районунда эле 30дан ашуун тургун өлтүрүлгөнүн билдиришүүдө. Аймакта телефон жана интернет байланышы жок болгондуктан так маалымат алуу кыйнчылыктарды жаратууда.

Видео

Видео

Соң-Көл жайлоосундагы бала бакчалар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:40 0:00
XS
SM
MD
LG