Ссылки доступа

Зеленский: Түштүктү эч кимге бербейбиз, баарын кайтарып алабыз


Украина президенти Владимир Зеленский Одесса жана Николаев облустарына жасаган жумуш сапарынын жыйынтыгында Киев оккупацияланган аймактарды кайтарып аларын айтты.

«Түштүктөн кайтып келе жатам – бүгүн Николаев облусундагы алдыңкы позицияларда болдум, Николаевдин өзүнө жана Одесса облусуна бардым. Мекенди коргоочулар – аскерлер, полициячылар, улуттук гвардиячылар, аймакты коргоочулар менен сүйлөштүм. Алардын баары жеңишибизден күмөн санашкан жок. Кызмат үчүн, мамлекетибизди коргоп жатышканы үчүн ырахматымды айттым. Ушундай эр жүрөк балдардын ата-энелерине ыраазычылык билдирдим. Чынында эле өтө бекем... Биз түштүктү эч кимге бербейбиз, баарын кайтарып алабыз, деңиз да украиндики болот», — деди Зеленский жекшемби күнү эртең менен жасаган видеокайрылуусунда.

Зеленский Николаев менен Одессада кыйроо жана жоготуулар көп экенин, кишилерге жана жакындарынан айрылгандарга ырааттуу жардам берүүнү тапшырганын кошумчалады:

Украин президенти украин портторунун коопсуздугу жана өлкөдөн агро өнүмдөрдү экспорттоо мүмкүндүгү талкууланганын да белгиледи.

«Биздин позициябыз так жана өзгөрбөйт: эл аралык ортомчулуктун жардамы менен коопсуздук камсыздалганда, Украина орус согушунан улам Азияда, Африкада жана Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө жаралган дүйнөдөгү азык-түлүк каатчылыгына каршы күрөшүү үчүн бардык аракетин жасайт».

БУУ Орусиянын Украинадагы аскердик агрессиясынан улам дүйнөдө ачкачылыкка кептелгендердин саны 18 миллион кишиге жетиши ыктымал экенин айтууда. Уюмдун башкы катчысы Антониу Гутерриш майда согуштан улам 43 өлкөдөгү 49 миллиондой жашоочуну ачкачылык өлүмү тооруп турганын билдирген.

Украин бийлиги Орусияны оккупцияланган аймактарда украин буудайына мыйзамсыз ээлик кылууга айыптоодо. Орусия муну четке кагууда.

XS
SM
MD
LG