Ссылки доступа

Өзбекстанда сот үйлөнүү тойдо колуктусун чаап жиберген жигитти жазага тарткан жок


Сурхандарыя облусунда үйлөнүү той учурунда болочок колуктусун чаап жиберген жигит жазадан кутулуп кетти. Кыз арыз жазбагандыктан, сот аны административдик жоопкерчиликке тарткан жок. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар кабарлашты.

Болочок колуктусун чаап жиберген жигит кечирим сурап, экинчи мындай жорук жасабайм деп убада берген. Кыздын апасы күйөө баласы кечирим сураганын тастыктады.

«Кармана албай кеттим, анан кол көтөрүп жибердим. Түшүнбөстүктү чечиштик жана той уланды. Колуктумдан кечирим сурадым. Мындай нерсе экинчи кайталанбайт», — деген жигит.

Маалыматка караганда, кыз-жигит никеге туруу үчүн жарандык абалдын актыларын каттоо мекемесине 10-майда арыз жазышкан, бирок нике тууралуу күбөлүктү 15-июнда – үйлөнүү тойдон 9 күн өткөн соң алышкан.

Видеодо “чоң муштум” күйөө бала колуктусун уруп жибергенден кийин алардын жанына келген аял кыздын апасы экени белгилүү болду. Келиндин апасы куда тарап кечирим сурагандан кийин той уланганын айткан. Ал тойдон кийин кызына чалганын, ал жакшы жашап жатышканын билдиргенин кошумчалаган.

Райондук ички иштер бөлүмү жигитке карата “майда бейбаштык” беренеси боюнча административдик иш козгогон. Бирок келиндин дооматы жана арызы жок болгондуктан сот күйөө балага жаза колдонгон эмес.

Бул видео чет өлкөлүк ЖМКларда да чоң резонанс жараткан.

XS
SM
MD
LG