Ссылки доступа

"Достук" чек ара бекетинен өткөндөрдүн саны айрым күндөрү 17 миң кишиден ашат


Өзбекстан 10-июнда коронавирустук чектөөлөрдү алганына байланыштуу “Достук” чек ара бекетинен өткөндөрдүн саны айрым күндөрү 17 миң кишиге чейин жетет.

“Оздолик” радиосунун журналисти 14-июнда “Достукка” барып, таңкы саат 9дан кечки 10го чейин чек арадагы абалга баам салган.

Чек арадан өткөн өзбекстандыктар негизинен эки категорияга бөлүнөт. Биринчиси – Кара-Суу баарына товар үчүн келген соодегерлер, экинчиси – чек арада соодагерлердин жана жай тургундардын жүгүн ташыган –жүк ташуучулар. Алардын басымдуу бөлүгү аялдар.

Соодагерлер жана аял жүк ташуучулардын айтымында, чек арадан бажы төлөмүсүз жүк өткөрүүнү каалган ишкер товарынын көлөмүнө жараша жүк ташуучу менен алдын ала макулдашып алат.

Баа бычылгандан кийин ишкер жүк ташуучуну сүрөткө тартып, өзбек тарапта жүктү тосуп ала турган шеригине жөнөтөт. Бир жүк ташуучу аял чек арадан орто эсеп менен 15-25 килограмм жүк алып өтө алат. Негизинен алар чек арадан бир күндө бир жолу гана өтө алышат, эпчил жана шамдагайлары эки жолу өтүүгө да үлгүрөт.

Чек арадан алар негизинен кийим-кече, кээде тиричилик техникасын – телевизор жана чаң соргучтарды алып өтүшөт. Күн суук мезгилде орус өндүрушүнөн чыккан шоколаддарды жана башка кондитердик азыктарды ташышат.

Айрым аялдардын айтымында, жакында алар чек арадан кумшекер алып өтүүгө аракет жасашкан, бирок кыргыз чек арачылары чектөө жөнүндө эскертип, эки килограмм шекер алып өтүүгө да тыюу салган.

Жүк ташуучу аялдар күнүнө орто эсеп менен 15-20 доллар киреше табарын айтышты.

Жүк ташуу менен алектенген аялдардын негизги көйгөйү паспортко байланыштуу. Чек арадан күн сайын же аптасына бир нече жолу өтүшкөндүктөн алардын паспортторунун виза баракчалары бат эле толуп калат. Буга байланыштуу алар паспортторун жылына эки жолу алмаштырышат. Арасында өздүгүн тактоочу документи төрт ай ичинде толуп калгандары да бар.

Өзбек-кыргыз чек арасынан тез-тез өткөндөрдүн катарын Ош шарынын базарларына короодо өстүргөн мөмө-жемиштерин саткандар да кирет.

Ош шаарынын аэропорту аркылуу Орусияга иштөө же окуу үчүн учкан өзбекстандыктардын бир бөлүгү да дайыма “Достук” чек ара көзөмөл өткөрмө бекетинен өтөт.

– Мен Бухарадан Ошко келип, Орусияга билет алдым. Себеби бул жерде Өзбекстанга караганда, 100-150 долларга чейин арзан, – деди атын атагысы келбеген өзбек жараны.

Ушул тапта “Достук” өткөрмө бекетинин жаңы имараты курулууда. Ал иштегенде өткөрмө бекетте тыгын азаяры айтылып келет.

XS
SM
MD
LG