Ссылки доступа

Казак депутаты кымбатчылыкка байланыштуу жакырларга акчалай жардам берүүнү сунуштады


20-июнда Казакстан мажилисинин депутаты Аманжан Жамалов  парламенттин биргелешкен жыйынында 100 миллиард теңгени калктын жакыр катмарынын арасында бөлүштүрүүнү сунуштады. Бул тууралуу жергиликтүү Orda.kz басылмасы кабарлады.

Өкмөт баалардын өсүшүн кармап туруу үчүн дээрлик 100 миллиард теңге бөлгөн. Бул сумманын ичинен 81 миллиард теңге соода түйүндөрүнө жеңилдетилген насыя берүүгө, 16,8 миллиарды туруктуу фонддорду түзүүгө жумшалат.

«Эффект жок – баа жогорулап кетти. Андан көрө бул акчаны соода түйүндөрүнө эмес, түз эле калкка таратып берүү керек. Бизде дээрлик бир миллиондой киши жакыр. Алар кымбатчылыктан башкаларга караганда көбүрөөк жабыркашууда. Эгер кымбатчылыкты ооздуктай албасаңар, калкты түздөн-түз колдогула, калктын социалдык жактан камсыздалбаган бөлүгүнө даректүү субсидияларды бергиле. Бул акчаны соода түйүндөрүнүн арасында бөлүштүрүүгө караганда көбүрөөк пайда алып келет деп ишенем, - деди Жамалов.

Акыркы жылдары Казакстан бийлигинин инфляциянын өсүшүн токтотууга жасаган аракети текке кетүүдө. 2021-жылы марттан бери азык-түлүк товарлары 15 пайыздан ашуун кымбаттады.

Өткөн аптада Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов майдын жыйынтыгы менен инфляция 19% жеткенин айткан. Өлкөнүн Улуттук банкынын божомолдору боюнча жыл соңунда инфляция 13-15% диапазонунда болот.

XS
SM
MD
LG