Буга чейин социалдык түйүн колдонуучулары үч жана сегиз жаштагы эки баланын сөөгү өздөрү жашаган үйдө табылганын жазып чыгышкан. Облустук прокуратура бул маалыматты ырастап, шаардык прокуратура "Эки же андан көп кишини атайылап өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгогонун билдирди.
Маалыматка караганда, бул ишти облустун прокурору өз көзөмөлүнө алып, облустук прокуратуранын өзгөчө оор кылмыштарды иликтөө бөлүмү тергей баштады.