Ссылки доступа

Иранда өзбек тектүү Абдулатиф Муроди өлүм жазасына тартылды


Абдулатиф Муроди Ирандагы сот учурунда

Иранда өзбек тектүү Абдулатиф Муроди өлүм жазасына тартылды. Ал 20-июнда Мешхед шаарындагы Вакилабад түрмөсүндө дарга асылды. Бул тууралуу облустун башкы судьясы Гуломали Содиги билдирди.

Абдулатиф Муроди 5-апрель – Рамазан айында кармалган. Ал Мешхеддеги Реза имамдын күмбөзүнүн алдында шиит дин кызматкерлери Мухаммад Аслони жана Мухаммад Садик Дараиге бычак менен кол салууга шектелип жаткан.

Tasnim маалымат агенттигинин кабарлашынча, 21 жаштагы Муроди экөөнүн ар бирин 20дан кем эмес жолу бычактаган. Мухаммад Аслани окуя болгон жерде жан берген. Мухаммад Садик Дараи эки күн өткөн соң ооруканада көз жумган.

Ирандын ички иштер министри Ахмад Вахиди бул окуяны "террордук акт" деп атаган. Бирок сот суннит Абдулатиф Муродини "Аллага каршы кылмыш жасоо" боюнча күнөөлүү деп тапты. Ага өкүм 7-июнда чыккан.

Муроди шиит дин кызматкерлерине Гунабад шаарындагы мечитте эки суннит имамы атып өлтүрүлгөндөн эки күн өткөн соң кол салган.

Иранда 83 миллион калктын көбү шииттер, сунниттер алардын 10% гана түзөт.

Маалыматта Абдулатиф Муради Өзбекстандан Иранга качан жана кандай максатта барганы айтылган эмес.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG