Ссылки доступа

Душанбеде жарандардан АКШга жөнөтөм деп алдап акча алган эки киши кармалды


Тажикстанда алдамчылыкка шектелип Душанбе шаарынын эки тургуну кармалды. Алар АКШга миграцияга жөнөтүү убадасы менен жарандардан акча чогултуп, бирок убадасын аткарышкан эмес.

Маалыматка караганда, Душанбенин Сино райондук ички иштер башкармалыгына 23 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, шаардын эки жашоочусу АКШга эмгек миграциясына жөнөтүү убадасы менен андан 22 миң доллар алып, алдап кетишкенине даттанган.

Шектүүлөр ушундай эле жол менен 24 жаштагы дагы бир тургундан акча алып, убадасын аткарышкан эмес.

Ички иштер министрлиги бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталганын кабарлады.

Өткөн жылы Тажикстанда АКШга жана Европа өлкөлөрүнө миграцияга жөнөтүү убадасы менен жарандардан акча алып, алдап кеткен бир нече киши кармалган.

XS
SM
MD
LG