«Душанбе-Ташкент» поездди жумасына бир жолу каттайт. Жүргүнчүлөр Душанбеден Ташкентке 21 саатта жетет.
2-июнда Тажикстан президенти Өзбекстанга расмий сапар менен барган. Сапардын алкагына Шавкат Мирзиёев менен Эмомали Рахмон эки өлкө ортосунда жүргүнчү поездин жандандырууга макулдашкан.
Өзбекстан менен Тажикстан ортосунда темир жол байланышы 1992-жылы өзбек тараптын демилгеси менен токтотулган. Ташкент бул чечимди коңшу өлкөдөгү жарандык согушка байланыштуу кабыл алганын билдирген.