Ссылки доступа

Казакстанда бир ай мурда иш таштаган заводдун жумушчуларына алардын жубайлары да кошулду


Маңгыстау облусунун Мунайлы районундагы "Айнек-пластикалык түтүктөр" заводунун 23-майда иш таштаган жумушчуларына алардын жубайлары да кошулду. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы кабарлады.

Заводдун жумушчулары бир айдан бери жамааттык келишимдин шарттарын кайрадан карап чыгууну, ошондой эле ага маяна жана социалдык төлөмдөр тууралуу талаптарды кошууну өтүнүп жатышат.

Еркебулан Жаманкулов аттуу жумушчунун айтымында, күйөөлөрүнө кошулган аялдар талаптар аткарылмайынча кетпей тургандыктарын билдиришкен.

— 29 күн өттү, бирок биздин талаптар дагы деле аткарыла элек. Биз башка жактан келген гастарбайтерлер эмеспиз. Биз Маңгыстаунун тургундарыбыз, Казакстандын жарандарыбыз. Ашыкча акча сураган жокпуз, биздин эмгегибиз үчүн берилиши керек болгон төлөмдөрдү талап кылуудабыз. Бизди эмнеге мынча күттүрүп жатышат?", – деп суроо салды Аскар Саркенов аттуу жумушчу.

Жумушчулардын биринин жубайы Маншук Туржанова күйөөсүнүн айлыгы февралдагы иш таштоодон кийин жогорулаганы менен азыр алып жаткан акчасы күнүмдүк азык-түлүккө да жетпей жатканын билдирди.

— Биз балабызга шарт түзүп бере албай жатабыз. Эмнеге? Анткени күйөөм экөөбүз алып жаткан акча тамак-ашка жетпейт. Азык-түлүк кымбат. Муктаждыктан улам эмчектеги баламды кайненеме таштап ишке чыктым. Бул жаңы Казакстанда боло турган көрүнүшпү? Үйдө балага мээрим төгүп, ага көңүл бөлгөндүн ордуна минтип жүрөбүз",– деди Туржанова.

Завод жумушчуларынын иш таштоосу 23-майда башталган. Андан бери алар ишкананын алдына тигилген боз үйдө түнөп, айлыктарынын толук төлөнүп берилишин талап кылууда.

Жумушчулардын жубайлары менен заводдун башкы директорунун милдетин аткарып жаткан башкы инженер Есей Кошкинбаев жолукту. Ал жумушчулардын талаптары качан аткарылары тууралуу эч нерсе айткан жок. Болгону "Мангистаумунайгаз" сунуштаган 1 миллиард 23 миллион теңгелик жумушту орусиялык компания алганын гана билдирди.

Өткөн жумада Алматыдан келген заводдун түзүүчүлөрү директорду иштен алып, анын ордуна Кошкинбаевди милдетин аткаруучу кылып дайындашкан.

"Айнек-пластикалык түтүктөр" заводу Актау шаарынан 30 чакырым алыстыкта Мунайлы районунда жайгашкан. Ал "Мангистаумунайгаз", "Озенмунайгаз" жана "Каражанбасмунай" сыяктуу мунай-газ тармагында иш алып барган ири компаниялар үчүн айнек-пластикалык түтүктөрдү өндүрөт.

Forbes журналынын маалыматына караганда, Казакстандагы ири ишкер Рашид Сарсеновго таандык заводдун кирешеси 897 миллион долларды түзөт.

Экс-президент Нурсултан Назарбаевдин катышуусунда 2003-жылы ачылган заводдо жүздөн ашык киши иштейт. Алар быйыл февралда иш таштагандан кийин айлыктары 40% көбөйгөнү кабарланган. Бирок жумушчулар ал төлөмдөрдү колуна албаганын айтып келишет.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG