Ссылки доступа

Human Rights Watch тажик бийлигин эки блогерди бошотууга чакырды


Абдулло Гурбати менен Далери Имомали

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму тажик бийлигин камактагы блогерлер Далер Имомали менен Абдулло Гурбатини токтоосуз түрдө бошотууга чакырды.

Уюм эки блогер кесиптик ишмердүүлүгү үчүн кармалганын белгилеп, тажик бийлигин ЖМКларга жана журналисттерге кысым көрсөтүүнү токтотууга үндөдү.

HRW уюмунун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Сыйнат Султаналиева мамлекеттик органдарды сындоо – кылмыш эместигин, мындан улам блогерлер токтоосуз боштулуп, аларга тагылган айыптар алынып салынышы керектигин айтты. Тажик бийлиги уюмдун билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Эки журналистти 15-июнда Душанбедеги Шохмансур районунун прокуратура кызматкерлери кармап кеткен. Далер Имомали мыйзамсыз ишкердикке, кылмыш жөнүндө жалган көрсөтмө берүүгө жана Тажикстанда тыюу салынган уюмдарды колдоого айыпталууда. Абдулло Гурбатиге "бийлик өкүлүнө күч колдонду" деп айып тагылган. Далер айыптоолорду жарым-жартылай мойнуна алса, Абдулло толугу менен четке кагууда.

Укук коргоо уюмдары көптөн бери тажик өкмөтүн ырааттуу түрдө адам укуктарын бузууга айыптап келишет. Бирок Душанбе сын-пикирлерди четке кагып, өлкөдө адам укуктары менен эркиндиктери камсыздалганын билдирүүдө.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG