Ссылки доступа

Өзбекстанда райондук айыл чарба башкармалыгынын кызматкери иш бөлмөсүндө асынып алган


Өзбекстандын Сырдарыя облусунда Бойовут райондук Айыл чарба башкармалыгынын кызматкери өз иш бөлмөсүндө асынып алган. Бул тууралуу облустук прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүндө окуя 13-июнда болгону жана маркум кызматкер мындай кадамга жумушуна байланышпаган жеке көйгөйлөрүнөн улам барганы белгиленген.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө аталган райондо мамлекеттик кызматкерлердин бири Интернет аркылуу кумар оюндарын ойноп, утулуп калганы тууралуу маалыматтар тараган.

Учурда бул факты боюнча райондук прокуратура тергөөгө чейинки тактоо иштерин жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG