Ссылки доступа

Өзбекстан ӨКМи: Тупаланг суу сактагычынын бүтүндүгү бузулган жок (видео)


22-июнда эртең менен Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы Тупаланг суу сактагычынан агып чыккан суунун көлөмү кескин көбөйдү. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, суу сактагычтын сыйымдуулугу 400 миллион куб метрди түзсө, учурда анда 378,87 миллион куб метр суу бар. Пландалган чыгым секундасына 10 куб метр болсо, 22-июнда анын көлөмү секундасына 110 куб метрге чейин жеткен.

"Учурда агып чыккан суунун көлөмүн азайтуу боюнча иштер жүрүп жатат. Ал суу сактагычтын бүтүндүгүн бузган эмес", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Ошол эле маалда министрлик агып чыккан суунун көлөмү эмне себептен көбөйгөнүн так кабарлаган эмес.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө суу сактагычтагы дамба аркылуу суу агып, жакын жайгашкан аймактарды каптаганы тууралуу билдирүүлөр тараган.

2020-жылы май айында Өзбекстандагы Сардоба суу сактагычынын плотинасы жырылып, андан агып чыккан суу Сырдарыя облусундагы Сардоба, Акалтекин жана Мирзаабад райондорун каптаган. Расмий маалыматтарга ылайык, анда 2570 турак жай жана 76 көп кабатуу үй кыйрап, 1781 турак жай менен 52 көп кабаттуу үй жарым-жартылай зыянга учураган.

XS
SM
MD
LG