Ссылки доступа

Тажикстанда дайынсыз жоголгон ОМОН кызматкеринин сөөгү ооган чек арасына жакын жерде табылды


Сангали Камолов
Сангали Камолов

Бир ай мурда Хорогго бараткан жолдо дайынсыз жоголгон Тажикстан Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Атайын багыттагы милиция күчтөрүнүн (ОМОН) айдоочусу Сангали Камоловдун сөөгү табылып, жерге берилди. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Маркумдун агасы Шухрат Камоловдун айтымында, инисинин сөөгү 12-июнда Пянж дарыясынын Ооганстан менен чек арага жакын жердеги жээгинде табылган.

Буга чейин Камоловдун жакындары ал 20-майда ОМОНдун кызматкерлери менен чогуу Тоолуу Бадахшан автоном облусуна кеткенин, бирок "орто жолдо дайынсыз жоголгонун" билдиришкен. Алардын айтымында, Сангали ИИМге айдоочу болуп бир жыл мурда жумушка орношкон.

23-майда "Озоди" радиосу Хорогдун укук коргоо органдарына жакын булагына шилтеме кылып, "Рушан районуна жакын жерде ОМОНдун жети жоокери дайынсыз жоголгонун" кабарлаган.

Тоолуу Бадахшандагы абал быйыл май айынын ортосунда курчуган. 14-майда Хорог шаарынын жүздөгөн тургуну митингге чыгып, Душанбе дайындаган автоном облустун башчысын жана мэрди кызматтан кетирүүнү, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Көп узабай тажик бийлиги аймакта "антитеррордук операция" баштаганын, анын жыйынтыгында "сегиз жоочу жок кылынып, дагы 11и жарадар болгонун" маалымдаган. Мындан тышкары 100дөн ашык киши кармалганы кабарланган. Жергиликтүү жашоочулар каза тапкандар мындан кыйла көп экенин айтышкан.

XS
SM
MD
LG