Ссылки доступа

Алматыда Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылган жарандар кайрадан акцияга чыгышты


Шинжаңда камакта отурган жакындарын эркиндикке чыгарууну талап кылган жарандар 22-июнда кайрадан Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына чогулушту.

Колдоруна Шинжаңдагы туугандары менен Кытай лидери Си Цзиньпиндин сүрөттөрүн, ошондой Казакстандын желегин көтөрүп чыккан жарандар "Кытай бийлиги, биздин жакындарыбызды бошот", "Саясий лагерлер жабылсын", "Күнөөсүз камакта жаткандарга эркиндик" деп кыйкырышты.

Акциянын Акикат Халиола аттуу катышуучусу атасы Кытайдагы түрмөдө каза болуп, апасы менен эки иниси дайынсыз жоголгонун айтып, аларды табууга жардам берүү өтүнүчү менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылуу жасады. Анын айтымында, атасы түрмөдө "акыйкаттыкты талап кылганы үчүн" өлтүрүлгөн.

Консулдуктун алдына чогулган жарандар менен жолуккан Алматы акимчилигинин кызматкери Рита Ерман "мыйзамсыз" митинг үчүн административдик жоопкерчилик бар экенин эскертип, аларды тарап кетүүгө чакырды.

Шинжаңдагы жакындарын кайтарууну талап кылган акциялар Алматыдагы Кытай консулдугунун алдында 2021-жылдын февраль айынан бери өтүп келет. Андан бери 500 күн өткөнүнө карабастан, Кытайдын дипломатиялык миссиясынан бир дагы киши чыгып алар менен жолуккан жок.

Нааразылыкка чыккандар буга чейин бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылып, камакка алынган. Алардын айтымында, айып пулдун жалпы көлөмү бир нече миллион теңгеге жетти.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган жүз миңдеген мусулман "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" катары сыпаттайт.

XS
SM
MD
LG