Ссылки доступа

Тажикстанда камактагы эки блогердин жакындары алар менен жолуга албай жатышат


Тажикстандык блогерлер Абдулло Гурбати (солдо) менен Далери Имомали

Тажик блогерлери Далер Имомали менен Абдулло Гурбатинин камалганына бир аптадан ашса да аларга жакындары киргизиле элек.

Имомали менен Гурбатинин туугандары күн сайын алар менен жолугушуу үчүн абакка келүүдө. Юристтер кармалгандарды жакындары менен кездештирбөө мыйзамды бузуу экенин билдирип жатышат.

"Бир апта өттү, бирок бул бир кылымга тетедей эле болду. Биз алар кандай экенин, кыйноого кабылган жокпу, билбейбиз. Бир нече мүнөткө эле жолугуштурууну сурандык. Тергөөчү улам "эртең келгиле" дейт, бирок изолятордо жолугуштурууга уруксат бербей жатышат. Алар кармалгандардын эч кандай маселеси жок экенин айтууда, Анда эмне себептен жолугуштурбай жатышат?", - деди Далер Имомалинин жакындарынын бири.

Ушул тапта блогерлердин адвокаты Абдурахмон Шарипов гана алар менен жолугушууга мүмкүндүк алып, сурак учурунда алар менен бирге болууда. Адвокаттын айтымында, Далер Имомали менен Абдулло Гурбатинин ден соолугу жайында.

Эки журналистти 15-июнда Душанбедеги Шохмансур районунун прокуратура кызматкерлери кармап кеткен. Далер Имомали мыйзамсыз ишкердикке, кылмыш жөнүндө жалган көрсөтмө берүүгө жана Тажикстанда тыюу салынган уюмдарды колдоого айыпталууда. Абдулло Гурбатиге "бийлик өкүлүнө күч колдонду" деп айып тагылган. Далер айыптоолорду жарым-жартылай мойнуна алса, Абдулло толугу менен четке кагууда.

Укук коргоо уюмдары көптөн бери тажик өкмөтүн ырааттуу түрдө адам укуктарын бузууга айыптап келишет. Бирок Душанбе сын-пикирлерди четке кагып, өлкөдө адам укуктары менен эркиндиктери камсыздалганын билдирүүдө.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG