Ссылки доступа

Кабул менен Ташкент Трансооган темир жол долбоорун изилдөөнү макулдашты


Өзбекстан менен Ооганстан келечекте Борбор жана Түштүк Азия темир жол түйүнүн бириктире турган трансооган темир жолунун болжолдуу каттамын изилдөөгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу ооган басылмалары "Ооган темир жолдору" ишканасына шилтеме кылып билдирди.

Ооганстандын башкы темир жол мекемесинин башчысы Бахт-Рахман Шарафат ооган тарап Өзбекстандын Ооганстанда темир жол долбоорун ишке ашырууну баштоо сунушу жазылган катты алганын билдирди.

"Кече кечинде биз Өзбекстандан электрондук кат алдык. Алар Трансооган темир жол долбоорун баштоого даяр", - деди Шарафат.

Трансооган темир жол долбоору Түштүк жана Борбор Азияны Ооганстан аркылуу бириктирет.

Талиб өкмөт башчысынын биринчи орун басары Молдо Абдул Гани Барадар Өзбекстан президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Абдулазиз Камилов менен жолугуп, темир жол долбоорунун келечегин талкуулаган.

Ооганстандын экономика министрлиги өлкө бул долбоорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

"Ислам Эмиратынын саясаты – Ооганстанды аймактык кызматташуунун борбору кылуу. Өкмөт трансооган долбоорун ишке ашырууга толугу менен даяр", — деди экономика министринин орун басары Абдул Латиф Назари.

План боюнча трансооган темир жолу Мазари-Шариф, Саманган, Пул-и-Хумри, Кабул, Логар жана Желалабад аркылуу Пакистанга чейин созулат.

XS
SM
MD
LG