Маалыматка караганда, аскердик чакырууга байланыштуу украиналдыктардын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынгандыктан жумуш күчү жетпей, Польшада мөмө-жемиш жыйноо кыйындады.
«Жумушчулар жетишсиз. Биринчиден, жүк ташуучу унаа, трактор айдоо жана жер семирткич чачуу сыяктуу оорураак иштерди аткарган эркектер жетишпей жатат», — деди польшалык депутат.
Анын айтымында, көптөгөн фермерлер мөмөлөр чирип жатканына, керектөөчүлөр баанын кымбаттыгына даттанышууда. Дал ушул себептен улам поляктар азыр өзбек жумушчуларын Польшага тартуу мүмкүндүгүн кароодо.
Мирослав Малишевский Орусиядагы каатчылыкка байланыштуу төрт миллиондон ашуун өзбекстандык мекенине кайтканын, алар ушул тапта жумушсуз экенин жана Польшага келүүгө даярдыгын билдирди.