Буга чейин анда түрк тилдүү мамлекеттердин алака-катышын чыңдоо, уюмдун атын өзгөртүп, логотибин бекитүү өңдүү маселелер каралары маалымдалган.
Кыргызстанга 23-майда Казакстандын Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов жана Азербайжандын Улуттук Жыйынынын төрайымы Сахиба Гафарова, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрайымы Танзила Нарбаева баштаган делегациялар келди.
Жыйындын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
ТүркПА - Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Азербайжандын жана Түркиянын парламенттеринин кызматташтык уюму.