Ссылки доступа

Түркиядагы түркмөн жарандары мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовду сотко берди


Түркияда башпаанек алган түркмөн жарандары Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов баштаган бир катар мамлекеттик аткаминерлерди сотко берди. Алар экс-президентти адам укуктарын одоно бузууга, анын ичинде мыйзамсыз кармоого, кыйноого жана сотсуз өлүм жазасына тартууга айыптоодо.

Түркмөн жарандарынын адвокаты Гүлден Сөнмез Стамбулдагы сотко арыз 21-июнда берилгенин билдирди.

Бердымухаммедов менен катар арызда Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов менен ички иштер министри Мухаммед Хыдыровдун да аты аталган.

"Арызга Түркмөнстан түрмөлөрүндө өлгөн жана түркмөн өкмөтүнүн кыйноолоруна кабылган кишилердин сүрөттөрүн, аты-жөндөрүн, документтерин тиркедик. Мындан тышкары Түркмөнстан консулдуктарынан паспорт, туулгандыгы жана никеге турганы жөнүндө күбөлүк ала албай жүргөн кишилердин арыздары да бар", - деди адвокат.

XS
SM
MD
LG